Өзгөчө мыйзамog.2 hsthiacage001łożm_lley
Өзгөчө мыйзам – эреже катары, парламент тарабынан жолжобо алкагында кабыл алынуучу мыйзам (кээде квалификациялуу көпчүлүк талап кылынат), бирок башка мыйзамдарга, конституцияга караганда да чоң юридикалык күчкө ээ болот. Ө. м-да кандай гана мыйзам ченемдер болбосун, анын ичинде конституциялык ченемдерге карама-каршы жоболор болушу ыктымал. Ал аларды өзгөртөт же колдонулуусун токтотот. Ө. м. кабыл алуу жалпы эреже боюнча өкүлчүлүктүү бийлик органынын артыкчылык укугу болуп саналат. КР конституциялык тажырыйбасында кездешпейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7